Кечээ, 24-апрелде блогер Эртай Искаков милицияга кайрылып, казакстандык блогерлерге чара көрүүнү суранды. Анын айтымында, алар Бишкектин парктарында сөгүнүп, аны видеого тартып жарыялап жатышат. Ошондой эле казинону жарнамалоого тыюу салынган, ага карабастан жарыялап жатышат.
«Биздин карындаштарыбыздын намысына шек келтирүүчү сөздөр менен атап, Кыргызстанда ушундай кылса боло берет деп көрсөтүп жатат. Бул кылганы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик бар, видеосунун негизинде кайрылуу келтирем. Бишкек ШИИБ чара көрүп бериңиздер», — деп жазган ал.
Көп өтпөй эле казак блогери Айдын Тусупов соцтармактагы баракчасы аркылуу ал милиция тарабынан кармалганын жазды. Анын кармалышы боюнча азырынча милиция маалымат бере элек.