«Тооккананы үй кылып, дайынсыз кеткен кызымдын 5 баласын багам” дейт 65 жаштагы эне

Алимахан Төлөнбаева Бишкектеги «Ош базарынын» айланасында 6 небереси менен кепедей үйдө күн кечирет. «Кызым 5 баласын мага калтырып, иштейм деп кеткен бойдон дайынсыз. Балдардын кичүүсү 2 жашта. Биз баш калкалап жаткан жер мурда тооккана, сарай катары пайдаланылган экен. Жаан-чачында шыбынан суу агып, туш тарабынан шамал аркырап кирип жатат. Жакшыраак жайга көчсөк, кызым кайтып келсе экен деген тилегим күч» дейт ал.

«Башында бул жер тооккана болгон экен. Ээси да батирге эртерээк чыккыла, бул жерди бузам деп жатат. Батирге чыгайын десем, кичинекей балдар менен эч ким бербейт экен. Сууну кошунаныкынан алып келебиз», — деди ал.

«10 жылдан бери Бишкекте жашайм. 65 жаштамын. 6 неберемдин бешөө кызымдыкы, бирөө уулумдуку. Кызымдын биринчи турмушунан 2, экинчисинен 2, үчүнчү турмушунан 1 баласы бар. Кызым үчүнчү жолдошун ээрчип кеткен бойдон жок. Эң улусу 17де, кичүүсү 2 жашта. Уулумдун аялы кетип калган. Уулум келип, азык-түлүк алып берип турат», — деди апа.

Related posts

Жаан-чачын болбойт. 27-январга карата өлкөдөгү аба ырайы

mediaportalk

Кыргызстандын абрикосунун дээрлик бардык экспорту ЕАЭБге кетет

mediaportalk

Баткенде 17,5 тонна күрүчтү аткезчилик жол менен алып кирүүгө аракеттенишкен 

mediaportalk

Комментарий