Казармандагы мектептерге жана бала бакчаларга коркунуч билдирүүлөрүнүн автору 8-класстын окуучусу болуп чыкты

КР УКМК: Жалал-Абад облусунун Казарман айылындагы мектептерге жана бала бакчаларга карата террористтик коркунучтар тууралуу билдирүүлөрдүн автору кармалды

КР УКМК тарабынан террордук актыларды жасоо жөнүндө жалган билдирүүлөрдү таратууга байланыштуу интернет-террорист аныкталды.

Аталган жаран «Фейсбук» социалдык тармагындагы «Казарман реклама» аттуу баракча аркылуу Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылындагы бала бакчаларда жана орто мектептерде террористтик чабуулдар даярдалып жаткандыгы тууралуу билдирүүлөрдү жарыялаган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Тогуз-Торо районундагы орто мектептердин биринин 8-классынын окуучусу Б.К. аныкталды. Ал интернет-террористтик таасирге кабылып, психологиялык кысым жана мажбурлоо шарттарында террордук акт жасоону көздөгөн.

Учурда кармалган жаранга карата Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чара көрүү максатында КР УКМК тарабынан тиешелүү тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

КР УКМК эскертет: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн жоопкерчилик 14 жаштан баштап каралат, ал эми террордук акт жасайм деп коркутуу үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Related posts

Райондук сот «Алтуханы» камактан бошотту

admin

Бүгүндөн баштап ажылык сапарга каттоо башталды 

admin

ЗАМИР ИЛИПОВДУН КИТЕПТЕРИ ЖЕНЕВАДАГЫ КӨРГӨЗМӨГӨ КОЮЛАТ

admin

Комментарий