КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилери Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты

24-майда КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилери Бишкекте болгон КМШнын коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 54-отурумунун алкагында Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты. Аталган музейде жазуучунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылган.

КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилерине жазуучунун уулу Эльдар Айтматов экскурсия жасап, залкар жазуучунун чыгармалары жазылган китептерди белекке тапшырды. Чыңгыз Айтматовдун музейинин бай экспозициясы конокторду өзүнүн мазмуну жана көп түрдүүлүгү менен кызыктырды, анткени музейде жазуучунун адабий мурасынын сейрек кездешүүчү үлгүлөрү коюлган.

Чыңгыз Айтматов — жазуучу, философ, гуманист жана коомдук ишмер. Музейдеги көргөзмөлөр улуу жазуучу, терең ойчул, дүйнөлүк масштабдагы коомдук ишмердин көп кырдуу ишмердүүлүгүн даңазалап турат.

Related posts

Лейлекте кыргыз-тажик ортосундагы “Аялдар тынчтык тиреги” аттуу достук иш-чарасы өттү. Сүрөттөр

admin

Блогер Адыл Акжол уулу камакта калтырылды

admin

КР УКМК ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык трансулуттук баңгизат тобунун кылмыштуу ишмердигине бөгөт койду

admin

Комментарий