Кочкор-Ата шаарынын дарыгери УКМК кызматкерине пара берүү учурунда кармалды

Кочкор-Ата шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгери УКМКнын кызматкерине пара берүүгө аракет кылган учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

2022-жылдын 28-июлунда УКМК кызматкерине 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылып жаткан жеринен Кочкор-Ата шаардык жалпы медициналык практика борборунун үй-бүлөлүк дарыгери Т.Г.Х. кармалды.

Кармалган адам Бишкектеги Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жогорку билими тууралуу диплому жасалма экендигин аныкталып, ага акт түзүлүп өз ыктыяры менен берүү керектиги айтылган. Бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу амалында текшерүүнү токтотуу жана фактыны жашыруу үчүн УКМК кызматкерине пара сунуштаган.

Кармалган жаран мурда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылындагы аймактык оорукананын филиалында хирург болуп иштеген.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара берүү) каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталган.

Related posts

6-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кыргызстандын 420 ишканасы ЕАЭБге продукциясын экспорттой алат

admin

Бүгүн салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү 

admin

Комментарий