Коляскадагы аялга орой мамиле кылган троллейбус айдоочусуна кандай жаза берилди? Мэриянын жообу

Бишкекте троллейбустун айдоочусу коляскадагы жүргүнчүгө орой мамиле жасаган. Аялдын айтымында, кирерде ал пандусту түшүрүүдөн баш тарткан. 

Бишкек шаардык мэриясы окуя боюнча үн катып, айдоочу каттамдан алынып, анын аракетин талдоо үчүн комиссияга жиберилгендигин билдирди. Ошондой эле жетекчилик аял менен байланышып, кечирим сурап, комиссияга чакырышкан. «Учурда №11 маршруттук каттамдын айдоочусуна түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айдоочуга сөгүш жарыяланып, оал тейлөө маданияты үчүн 100% үстөк акысынан ажыратылды», — дешти. 

Булак:Сереп

Related posts

25-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Чиркей «курмандыгын» кантип тандайт? Эксперттердин түшүндүрмөсү

admin

Нарында 10 жылдыктар жалгыз бой энеге үй белек кылышты

admin

Комментарий