Конституциялык соттун төрагасына кылмыш иши козголду, — УКМК

Конституциялык соттун төрагасы жана башка чиновниктер кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланышканы аныкталды, деп билдирди УКМК.

«Конституциялык соттун төрагасы жана башка кызматтагы адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузушкан.

Тактап айтканда, Конституциялык соттун төрагасы жана башка жетекчилик кызматтарды ээлеген адамдар кызматтык ыйгарым укуктарын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы пайдаланып, Конституциялык соттун судьяларына келген чет өлкөгө иш сапарга чакыруу каттарын жашырган. Аларды өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына, ошондой эле чет өлкөлөргө жакын туугандарын жөнөтүүгө пайдаланышкан.

Бул боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголду», — дейт УКМК.

Конституциялык соттун төрагасы кызматын Эмил Өскөнбаев ээлейт.

Related posts

14-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат». Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт 

admin

Тимур Саралаев: “Буга чейин аскердик техниканы бекемдеген үчүн коргонуп калдык”

admin

Комментарий