Коомдук транспортко түшүп, жол кире төлөбөгөндөргө 3 миң сом айып салына баштайт

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортко түшүп, бирок жол кирени төлөбөй койгон жүргүнчүлөргө 3 миң сомдук айып сала баштайт. Бул тууралуу вице-мэр Максат Сазыкулов билдирди.

Вице-мэр автобус, троллейбустарда көзөмөлдөөчү бригада иштей турганын айтты. Анын айтымында, картаны аппаратка тийгизип төлөгөндөй түр көрсөтүп коюу схемасы эми иштебейт. Көзөмөлчүлөр жүргүнчүнүн картасын алып система аркылуу текшерет. Эгер төлөбөгөнү аныкталса айыпка жыгылат.

Related posts

Ташкентте 14 жаштагы өспүрүм тууганын мылтык менен атып салды

admin

Бүгүн Садыр Жапаров 55 жашка толду

admin

Визасынын мөөнөтү өтүп кеткен 45 чет өлкөлүк жаран депортацияланды

admin

Комментарий