Коррупциялык схемаларды уюштурган мамлекеттик органдардын кызмат адамдары кармалды

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун «Чалдовар-Автожол» өткөрмө пунктунун иштөө чөйрөсүндө көзөмөлдөөчү  органдардын кызматкерлери тарабынан жаңыдан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Атап айтканда, кылмыштуу схемага КР КМ караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери, Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери жана КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери тартылган.

Алсак, «Чалдовар-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иштөө чөйрөсүндө Мамлекеттик салык кызматынын, Чек ара кызматынын жана Транспорт жана коммуникация министрлигинин кызмат адамдары айрым «талкачтар» менен ич ара келишип алып, жасалма товардык коштомо документтерин (ташылып келинген товардын иш жүзүндөгү көлөмүн жана наркын бурмалоо менен) колдонуу менен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды мыйзамсыз импорттоо боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкандыгы аныкталган.

Ошол эле учурда, жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча аныкталган маалыматтарга ылайык – ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды жасалма документтер менен мыйзамсыз импорттоону жүзөгө ашыруу максатында, ошондой эле өлкө аймагына аткезчилик жолу аркылуу импорттолгон товарлардын изин жашыруу үчүн МСК, ЧА кызматынын, ВФКМИК мамлекеттик инспекциянын жана КР ТК министрлигинин кызмат адамдарына акчалай сый акылары «М-Банк» электрондук капчыктарына которуу жана накталай түрдө тапшыруу жолу менен ишке ашып турган. 

2025-жылдын 24-сентябрында бир катар тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында Мамлекеттик салык кызматынын 7 кызматкери, Чек ара кызматынын 6 кызматкери, Транспорт министрлигинин 4 кызматкери, Айыл чарба министрлигинин 6 кызматкери, ошондой эле «талкачтар» кармалып, КР КЖК 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

https://youtu.be/ywHsiPVlz6A?si=IKqEa3Xi2xEcjwec

Related posts

Оорукана жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салууну ЖК колдоду

admin

“ЦУМдун» башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды

admin

Жумагазиев Чүйдүн калктуу конуштарын электр энергия менен камсыздоо маселесин чечүүнү тапшырды

admin

Комментарий