Корсаков: космостон көп эле жерди көрдүм, бирок Ысык-Көл жүрөккө жакын сезилет 

Кыргызстанда жашаганым көп сапаттарга, анын ичинен тырышчаактыкка умтула билгенге үйрөттү. Бул тууралуу Сергей Корсаков Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн маалымат жыйында айтып берди.

Космонавтика күнү жана Кыргызстандын борбор шаарынын 145 жылдыгына карата «Жылдыздарга жол Бишкектен башталат» деп аталган фестиваль болот. Иш-чаранын башкы коногу — Корсаков. Ал Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. Белгилей кетсек, Сергей Корсаков — Кыргызстандын борбор калаасында туулуп, космоско учкан биринчи космонавт.

Космонавтика күнү менен силерди, болгондо да өзүм туулган, өскөн, балалыгым өткөн жана билим алган өз шаарымдан куттуктап жатканыма абдан кубанычтамын. Бул жерден максатымды ишке ашырууга жардам берген, келечекке, курч мүнөзгө, өжөрлүккө, тырышчаактыкка, максатка умтулууга үйрөндүм», — деп айтып берди Корсаков.

Ал космосто 195 күн жүрүп, жарым жыл мурда кайтып келгендигин белгиледи.

«Биздин Жерди иллюминатордон көрүү такыр унутулбай турган учур. Сүрөткө жана видеого тартып алгың келген аймактар Жер планетасында өтө көп. Бирок алардын ичинен менин жүрөгүмө жакыны — Кыргызстан, анан Ысык-Көл болду. Бул жерлерди космосто туруп алып тартканды абдан жакшы көрөм. Андыктан бүгүн да сиздер жана бишкектиктер менен жолукканыма кубанып турам», — деди ал.

Булак: Sputnik.kg

Related posts

КР УКМК: Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду

admin

Былтыр Кыргызстан менен Свердлов облусунун товар жүгүртүүсү 130 млн. доллар болду

admin

“Манас” аэропорту 9 айда 2 миллиондон ашуун жүргүнчү тейледи

admin

Комментарий