КР КК Улуттук гвардиясы командалык-штабдык машыгууларды өткөрүүдө

2025-жылдын 16-17-сентябрында Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүнүн штабдары менен командалык-штабдык машыгуулары өткөрүлүүдө.
Машыгуунун жүрүшүндө аскер бөлүктөрдүн командирлери жана штабдары тапшырмаларды аткарууда күчтөрдү жана каражаттарды башкаруу боюнча практикалык көндүмдөрдү иштеп чыгышууда.
Машыгуулардын максаты-согуш аракеттерин жүргүзүүнүн ар кандай сценарийлери үчүн иштелип чыккан пландардын реалдуулугун жана натыйжалуулугун баалоо, башкаруу органдарынын ишинде ырааттуулукка жетишүү жана чындыкка максималдуу жакын шарттарда ар кандай күчтөр менен аскер бөлүктөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү болуп саналат.
Аскер бөлүктөрдүн баардык аскер кызматчылары күжүрмөн тапшырмалардын пайда болушунда аракеттердин алгоритмин билгендигин, ыраттуулукту жана уюштуруучулукту көрсөтүштү.

Related posts

Улуттук банк биринчи ирет 100 млн. доллардан ашкан интервенция жасады 

mediaportalk

Ошто каза болгон 3 бала жана келин. Балдардын бирөөсү ошол айылдагы тууганы болгон

mediaportalk

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев УКМКнын Нарын облусу боюнча жаңы имаратын ачты

mediaportalk

Комментарий