КР УКМК: Бишкек шаардык Свердлов РИИБдин тергөөчүсү пара талап кылып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан ички иштер органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, 2025-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте пара талап кылуу фактысы боюнча КР тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 150 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты «Ж.М.Т.» кармалды.
Тергөөдө көрсөткөндөй, аталган акча каржатты арыз ээсине карата кылмыш ишин козгоогону токтотуу үчүн акчаны опузалап алгандыгы аныкталды.
Кармалган милиция кызматкери КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда КР УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Related posts

Бүгүн Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт 

admin

 Арстан Алай 15-январга чейин камакта калтырылды

admin

Кыргызгидромет 11-декабрга карата аба ырайынын болжолун жарыялады.

admin

Комментарий