КР УКМК: Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнин иликтөө кызматынын тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы менен кармалды

УКМК тарабынан ички иштер органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө 2024-жылдын 15-апрелинде КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Ички иштер министрлигинин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте 180 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы менен Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнин иликтөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын лейтенанты А.Э.А. кармалды.
Аталган тергөөчү козголгон кылмыш иши боюнча маселени оң чечүү үчүн айыпталуучу жарандан акча талап кылгандыгы аныкталды. Ошол эле учурда опузалап акча талап кылуу айыпталган беренелерди олуттуураак беренелерге кайра классификациялоо коркунучу менен жасалган.
Мындан улам, тергөөчү А.Э.А. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан КР ИИМ жетекчилиги менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Related posts

Депутат Калпаев: «Баткенде 200дөй окуучу алыс жайгашкан мектепке барууга аргасыз»

admin

Жалал-Абаддагы башкы балатынын жанына жардыруучу зат орнотмокчу болгон шектүүлөр кармалды

admin

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин эми Равшан Сабиров жетектейт

admin

Комментарий