КР УКМК: Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду

УКМК мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз оюндарды уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
«Оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, республиканын аймагында тиешелүү лицензия албастан оюндарды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынган, бирок ага карабастан, бир топ адамдар Telegram тиркемеси аркылуу маал-маалы менен мыйзамсыз оюндарды уюштуруп, алар үчүн ар кандай мамлекеттик мекемелерден (кафе, оюн-зоок борборлору ж.б.) жайларды ижарага алышкан.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагында тинтүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 48 адам кармалып, алардын арасында мыйзамсыз кумар оюндарынын уюштуруучулары жана катышуучулары да суралган.
Аталган кылмыштуу топтун уюштуруучусу А.О.Б. аттуу КРнын жараны кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети КР жарандарына эскертет, КР Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренесине ылайык, «Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу» 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилигине тартууга алып келет.

Эскертүү: Оюн жабдуулары, оюндагы коюмдарды жана утуштарды түзгөн баалуулуктар, оюндарга катышуунун натыйжасында алынган башка кирешелер белгиленген тартипте камакка алынат жана мамлекеттик кирешеге айландырылат.

Related posts

УКМК төрагасы КМШ мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешине катышты

admin

Өзбекстанда мугалимдин 1-класстын окуучусун сабап жаткандагы видео тарады

admin

УКМК: Сүлүктү шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген 36,5 сотых ден соолукту чыңдоочу жай өз ыктыяры менен мамлекеттик менчикке кайтарылды

admin

Комментарий