КР УКМК: Чүй облусунда 2,13 гектар жер тилкеси бар өнөр жай объектиси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында жайгашкан 2,13 га аянттуу жер тилкеси менен «Чалдовар тигүү фабрикасы» АКнын өнөр жай объектисин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды.
Аталган объекттин 2004-жылы, «Кыргыз Республикасында Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө» 02.03.2002-ж. №31 сандуу КР мыйзамынын 14-беренесинин «Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн усулдарын» бузуу менен аукцион же конкурс өткөрбөстөн, ошондой эле инвесторлорду тааныштырбай туруп Фрунзе айыл өкмөтүнүн 26.04.2004-ж. №21 сандуу Чечиминин негизинде 2,13 га аянттуу жер тилкеси менен бирге жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталды.
«Кыргыз Республикасында Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө» 02.03.2002-ж. №31 сандуу КР мыйзамына ылайык, ошондой эле мыйзамдын 5-беренесинин 1-пунктунда 2025-жылдагы өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен «Менчиктештирүү объектилеринин наркын аныктоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгиленет. Баалоону жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү нормативдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат»-деп так даана көрсөтүлгөн.
«Билим берүү жөнүндө» 30.04.2003-ж. №92 сандуу КР мыйзамынын 47-беренесинин 6-абзацына жана «Билим берүү жөнүндө» 11.08.2023-ж. №179 сандуу КР мыйзамында, ошондой эле 2025-жылдын 8-апрелиндеги өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен 59-беренесинин 5-пунктуна ылайык: «Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жер участоктору, имараттары жана курулмалары мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына гана менчикке берилиши мүмкүн, ошондой эле алар менчиктештирилүүгө жана ажыратылууга тийиш эмес»-деп көрсөтүлгөн.
Учурдагы менчик ээси, «Д.В.И.» аттуу КР жараны – аянты 2,13 га жер тилкеси бар мүлккө ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын моюнга алып, өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп берди.

Related posts

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт — 10-майга карата аба ырайы

admin

Кыргызстандан Казакстанга Пакистандын жарандарын мыйзамсыз өткөрүп жүргөндөр кармалды

admin

Камчы Көлбаевдин жакын адамы болгон Таалайбек Рысалиев кармалды

admin

Комментарий