КР УКМК: Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды

УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында 11 социалдык объект (клубдар, сейил бактар, суу мунаралары, милиция бөлүмүнүн имараты, мед имарат ж.б.) мамлекеттин балансына кайтарылды.
1998-2006-жылдар аралыгында аталган объектилер жеке адам тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар наркы 120 миллион 130 миң сомду түзгөн жогоруда белгиленген объекттер ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу иштерин улантууда.

Related posts

Ош облусунда бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду 

admin

Кыргызстандагы 20 000 сомдон 57 000 сомго чейинки эмгек акылар

admin

Жалал-Абадда жер титиреди

admin

Комментарий