Ош облусунда бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду 

Өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Ош облусунун бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Буга байланыштуу бир катар жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилди.
Мамлекет башчысынын чечими менен:

— Жамалдинов Зиядин Исламовичпрезиденттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ээлеген кызматынан бошотулду;
— Жаныкулов Данияр Төрөгазиевичпрезиденттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары ээлеген кызматынан бошотулду;
— Ногоев Турусбек Молдобекович Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду.

Related posts

Бакыт Төрөбаев айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

admin

Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда бир катар мектептерди ачты

admin

Талас шаарындагы аянты 0,17 га болгон административдик имарат мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий