КР УКМК: Чет элдиктер фирмалык кийимдерди документи жок тигишкен

УКМК тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, үстүбүздөгү жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузуу менен Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринде иштеген Пакистандын 28 жараны аныкталды. Тактап айтканда, алардын КР визасынын жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен.
Тартип бузгандар тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.

Related posts

18-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

БШК Элдар Абакировду депутат кылып каттады

admin

ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды

admin

Комментарий