УКМК: Сокулук районундагы 436 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды

УКМК мурда мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айыл  аймагында жайгашкан аянты 436 гектар жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды.

Такталгандай, 1995-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Рассвет» биргелешкен чарба эч кандай укук белгилөөчү документтери жок 436 гектар жерди мыйзамсыз ээлеп алып, пайдаланып жүрүшкөн, ал жер мурда жарандарга «Рассвет» колхозунан жер үлүшү катары берилген болчу. Белгилей кетсек, «Рассвет» колхозунун бар болгону 3251,5 гектар жери бар экендиги, анын ичинен 2133 гектары сугат айдоо жана 1118,5 гектары кайрак айдоо жерлери болуп саналат, алар 1992-1995-жылдары «Рассвет» колхозунан үлүш катары берилүүгө тийиш болгон.                                                                                                                            Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен 436 гектар жер үлүштөрү мамлекеттин балансына кайтарылды.

КР УКМК тарабынан жерлерди алдамчылык менен алектенген адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Жаан жаабайт. 25-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

УТРКнын мурдагы директору Кайрат Иманалиев жаңы кызматка дайындалды 

admin

Бишкекте аскердик кол кармаш урушу боюнча мелдеш өттү 

admin

Комментарий