КР УКМК: Чүй облусунун Аламүдүн районунун Полевое айылындагы В.Ленин атындагы жеке дыйкан чарбасынын «Эмгек жана эс алуу лагери» мамлекеттин балансына кайтарылды.

КР УКМК тарабынан социалдык инфраструктура объектилерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мурда жеке жактар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен Чүй облусунун Аламүдүн районунун Полевое айылындагы Ленин атындагы «Эмгек жана эс алуу лагери» мамлекеттин балансына кайтарылды.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталган маалыматка ылайык, мурдараак Аламүдүн районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районунун Полевое айылындагы В.Ленин атындагы «Эмгек жана эс алуу лагерин» 3,22 га жер тилкеси жана имараты менен бирге жеке менчикке өткөрүп беришкен.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, менчик ээси социалдык объектиге өзүнүн мыйзамсыз негизде ээлик кылып пайдаланып келгендигин мойнуна алып, өз ыктыяры менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун А.Сыдыков айыл аймагынын балансына өткөрүп берди.
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

Related posts

Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй баллистикалык ракета учурду

admin

Аты менен кошо унаанын алдында калган. Чүйдө жаран жол кырсыгынан каза болду

admin

Футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин атасы көз жумду

admin

Комментарий