КР УКМК: Интерпол тарабынан изделип жаткан чет элдик жаран борбор калаада кармалды

Бишкек шаарынынын аймагында КР УКМК кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн 1991-жылы туулган Казакстан Республикасынын жараны А.Р.А. кармалды.
Кармалган адам өзгөчө оор кылмыш жасоодо (эки кишини өлтүрүү) айыпталууда.
Колдо болгон маалыматтарга караганда, издөөдө жүргөн А.Р.А. 2018-жылдын 29-октябрында Казакстан Республикасынын Караганда облусунун Балхаш шаарында 1984-жылы туулган Х.А.С. жана 1973-жылы туулган Х.К.М. аттуу жубайларды өлтүргөн. Мындан улам, А.Р.А. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2018-жылдын аягында Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.
2025-жылдын 24-февралында Казакстандын А.Р.А. аттуу жараны кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Related posts

Месси ал үчүн «Алтын топтон» да маанилүү болгон сыйлыктарды атады

admin

«Мурдагы бийлик тушунда салынган». Министр талкаланып калган жол боюнча үн катты

admin

Кантта эт кесип жаткан бычагы менен жаранды сайган шектүү кармалды

admin

Комментарий