КР УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу «Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин» Бишкек шаардык филиалында («Кадастр» МИ БФ) туруктуу коррупциялык схеманы аныкталды.
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында аталган иш кананын имаратында узун кезек күтүүлөр, эл көп болуп жатканы тууралуу материалдар байма-бай жарыяланып, бийликти түзүлүп жаткан кырдаалга көңүл буруп, аны тез арада жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө чакыруулар орун алган. Жөнөкөй жарандар кезекке туруу үчүн бир нече саат күтүүгө аргасыз болушкан, бул маселени жөнгө салуу боюнча чечкиндүү аракеттер болбогону үчүн коомчулукта ар түрдүү нааразычылыктар жана сын-пикирлерлер жаралган.
Бул боюнча КР УКМК тарабынан комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында «Кадастр» мамлекеттик иш канасынын каттоо бөлүмүнүн мамлекеттик каттоочулары «М.Ф.М.» жана «К.В.В.», жеке материалдык пайда көрүү максатында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кыймылсыз мүлктү каттоодо жана кайра каттоо боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштуруп, кардарларды белгиленген электрондук кезектен тышкары тейлөө боюнча системалуу негизде иш алып барышкан. Көрсөтүлгөн кызматы үчүн 2000 сомдон 10000 сомго чейинки өлчөмдө акчалай сыйлыктарды алышкан.
Топтолгон маалыматтардын негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2025-жылдын 3-сентябрында аталган мамлекеттик каттоочулар кармалып, КР КЖПК 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
КР УКМК тарабынан бул иш боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.






