КР УКМК: Контрабандалык жүктү кармоо фактысы боюнча

2025-жылдын 3-мартында КР УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен районунун Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасына дары-дармектердин ири партиясын мыйзамсыз алып өтүү аракетинин алдын алган.
Товардын ээси-жергиликтүү тургун КР жараны Ы.К.У. болуп, анда Индия өндүрүшүнүн беш аталыштагы (Plastomet-50, Candiblotic, Herpinize-250, Herpinize-500, Galcyclovir) жалпысынан 4500 даана дары-дармектер табылган, алар онкологиялык ооруларды дарылоого жана ички органдарды трансплантациялоодон кийинки профилактикага багытталып, 3 млн. сомдон ашык суммага эч кандай коштоочу документтери жок Баткен жана Ош облустарынын аймагында сатылууга тийиш болгон.
Аталган факт боюнча КР УКМКнын тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-Жаза Кодексинин 231-беренеси «Экономикалык аткезчилик» менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
КР УКМК органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасында контрабанданы жана мыйзамсыз миграцияны өз убагында аныктоо жана бөгөт коюу боюнча алдын алуу чаралары көрүлүүдө.

Related posts

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу селден улам жабылды

admin

Мидин уулу Канатбек Дин иштери боюнча мамкомиссиянын директорунун орун басары болду

admin

Акжол Махмудов Бишкектен батирлүү болду

admin

Комментарий