КР УКМК: КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын системасында туруктуу коррупциялык схеманын түзүлгөндүгү жөнүндө

2025-жылдын 8 жана 10-декабрында КР УКМК мамлекеттик органдардагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу ишинин алкагында КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын Борбордук аппаратынын текшерүү башкармалыгынын мурдагы башчысы А.М. жана Мамлекеттик салык кызматынын Борбордук аппаратынын текшерүү башкармалыгынын дагы бир мурдагы башчысы У.С., КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы А.А. менен кылмыштуу кутумга кирип, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чарба жүргүзүүчү субъектилерден акча каражаттарын опузалап алгандыгы үчүн кармалды.
М.А. жана С.У. ишкердик субъекттеринен акча каражаттарын алуу жана өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схеманын негизги уюштуруучулары болушкан.
Кармалган адамдар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Related posts

Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат 

admin

КР УКМК: Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган КР УКМК Төрагасынын кубогу үчүн спорттук мелдеш жыйынтыкталды

admin

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди

admin

Комментарий