КР УКМК: КРнын мурдагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду

УКМК тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында КРнын мурдагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин коррупциялык жана алдамчылык ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар алынды.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3- пункту (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) туралуу каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КРнын мурдагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Э.Ч. «Лиматекс пахта корпорациясы» ЖЧКсынын аткаруучу директору болуп туруп, компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 50 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирүү жолу менен жеке тараптарга сатып жибергендиги аныкталган. Келтирилген зыян алдын ала 500 млн. сомго бааланууда.
Топтолгон далилдердин негизинде мурдагы министр Ч.Э.У. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Related posts

УКМК: Таласта каза болгон УКМКнын кызматкеринин үй-бүлөсүнө материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүлдү

admin

УКМК: КР жарандыгын алуу боюнча документтерди тариздөө үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштуруу фактысы аныкталды

admin

Ошто 18 жаштагы жоокер өзүн-өзү атып каза болду

admin

Комментарий