КР УКМК: Нарын облусунун Жумгал районунун Арал айылында жайгашкан мурдагы “Дружба” пионер лагеринин аймагы кошумча түрдө мамлекетке кайтарылды

УКМКнын тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында Нарын облусунун Жумгал районундагы Арал айылында жайгашкан аянты 4,5 гектарды түзгөн мурдагы «Дружба» пионер лагери мамлекетке кайтарылды.
«Оргтехника» ААКнын калган объектилерин мамлекетке кайтарып алуу боюнча кошумча иш-чаралардын жүрүшүндө ишкананын жетекчилигинин улам алмашып турушунун фонунда, мурдагы Миң-Куш «Оргтехника» заводуна караштуу 180 орундуу «Дружба» пионер лагери кыймылсыз мүлктү каттоо органдары тарабынан эч кандай документтери жок «Үмүт» кооперативине өткөрүлүп берилгени аныкталган.
Натыйжада, 2008-жылдын 31-декабрында «Үмүт» кооперативинин директору Р.К. тарабынан «Достук» пионердик лагери М.Б.С. аттуу жаранга сатып алуу-сатуу келишими боюнча ажыратылган.
Мурдагы менчик ээлери тарабынан пионер лагеринин турак жай корпустарын демонтаждоого жана алардын материалдарын сатууга жол берүүнүн натыйжасында аталган объекттен жер тилкеси гана калган.
Аталган объект Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл аймагынын балансына өткөрүлгөн.
Буга чейин мурдагы Миң-Куш «Оргтехника» заводуна (азыркы «Оргтехника» ААК) таандык товардык-материалдык баалуулуктар, жалпы аянты 11 га болгон 6 кыймылсыз мүлк объектилери (жер тилкелери жана имараттар), инвентарлык буюмдар (станоктор) мамлекеттик баланска кайтарылган.
«Оргтехника» ААКтын калган объектилерин кайтаруу боюнча кошумча иш-чаралар улантылууда.

Related posts

«Биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз». Эрбол Султанбаев «Азаттыктын» айланасындагы кайрылууга реакция кылды 

admin

Үч округ боюнча шайлоонун алдын ала жыйынтыгы: Марипов, Салымбеков, Тыналиев алдыга чыкты

admin

Бишкекте 6-кабаттан 23 жаштагы кыз кулап, каза болду

admin

Комментарий