КР УКМК: Ош облусунда Ош ОИИБ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын улук ыкчам кызматкери опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды.

Ички иштер органдарынын тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча КР УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош ОИИБнүн Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын улук ыкчам кызматкери милициянын майору «М.З.У.» тарабынан жалпы өлчөмү 40000 сомду түзгөн акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы аныкталды.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2025-жылдын 20-августунда Ош ОИИБ БМЖККК улук ыкчам кызматкери, милициянын майору М.З.У., У.Т. аттуу жарандын канынан баңги затын колдонуунун издери табылгандыгын шылтоолоп, У.Т.дан наркологиялык экспертизанын корутундусун өзгөртүп, иш боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 40000 сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында М.З.У. 30000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, КР КЖК 96 жана 97-беренелерине ылайык, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Related posts

Лейлекте мас күйөөсүнөн токмок жеген келин милицияга кайрылды

admin

Кар жаайт. 1- декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы 

admin

Ошто изделип жаткан келин сейил бактан табылды

admin

Комментарий