КР УКМК: «Полярная звезда» планетарий жайгашкан жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын алкагында Панфилов атындагы парктын аймагына жакын жайгашкан жалпы аянты 0,42 га болгон муниципалдык жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактылары аныкталды.
Такталгандай, аталган жер тилкени жеке адамдарга мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схеманы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан мыйзамсыз токтому менен айрым жогорку кызматтагы адамдар аркылуу уюштургандыгы такталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 0,42 гектарды түзгөн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча кылмыш схемасына тиешеси бар адамдар аныкталды.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында КР УКМК тарабынан козголгон соттун чечимине ылайык, аталган комплекс мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.
КР УКМК мурда мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объектилерин мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган тиешелүү иштерди улантууда. Ошону менен бирге, процессуалдык материалдардын алкагында объектти мыйзамсыз менчиктештирүүгө катышкан кызмат адамдарынын жана башка адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет.

Related posts

1-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Чолпон-Атада КМШ бажы жетекчилеринин кеңеши 80-отурумга чогулду

admin

Коронавирус кайрадан баш көтөрдү. Апта ичинде илдет 1 миңден ашуун кыргызстандыктан табылган

admin

Комментарий