КР УКМК: Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы боюнча чет өлкөлүк жаран кармалды

2024-жылдын 30-мартында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагынан 2000-жылы туулган Араб мамлекеттеринин биринин Е.А.Р.С. аттуу жараны кармалып, ал борбордо жаш кыздар менен таанышып, андан соң чогуу эс алууга чакырып, болуп жаткан бардык процесстерди (спирт ичимдиктерин, баңги заттарды, интим ж.б.) жашыруун түрдө аудио-видеого жаздырып, аларды интернеттеги социалдык тармактарга жарыялоо аркылуу коркутуу жолу менен, акча каражаттарын опузалап талап кылган жана андан ары сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге да барган.
Мындан улам, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» боюнча кылмыш иши козголуп, чет өлкөлүк жаран 2024-жылдын 30-мартында Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.
Учурда аталган чет элдик жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Related posts

Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын жана Ирландиянын парламентинин Общиналар палатасынын төрагасы менен жолукту

admin

Ноокатта 30 миң сом пара талап кылууга шектелип милиция кызматкери кармалды

admin

Бишкекте 23 жаштагы кызды ала качууга аракет кылгандар кармалды

admin

Комментарий