КР УКМК: Талас облусунда жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу фактысы аныкталды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районунун айрым жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2009-2024-жылдар аралыгында акчалай сый акы үчүн 163 бирдик айыл чарба багытындагы («сугат айдоо» категориясындагы) трансформацияланбаган жалпы аянты 95,9 га жер тилкелерин жеке менчикке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилгендиги аныкталды.
Бул факты боюнча үстүбүздөгү жылдын 10-февралында Бакай-Ата айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси А.О. кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди
Учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Related posts

Баткендин кандек өрүгүнө арналып 5 метрлик статуэткасы орнотулат

mediaportalk

Россияда президенттик шайлоо дайындалды

mediaportalk

Түрдүү категориядагы Кыргызстандын чемпиондору аныкталды

mediaportalk

Комментарий