КР УКМК: Таласта айыл чарба жерлерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы кармалды

КР УКМК тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районунун кызмат адамдары тарабынан 2009-2024-жылдар аралыгында акчалай сыйлык үчүн 163 Айыл чарба багытындагы («сугат айдоо» категориясы) трансформацияланбаган жалпы аянты 95,9 га жер тилкелерин жеке менчикке жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү иштери жүргүзүлгөндүгүн аныктады.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы (Бакай-Ата шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы-башчысы) Ш.К.М.нын аталган кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталып, ал үстүбүздөгү жылдын 18-мартында кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Related posts

Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

admin

УКМК: Сокулук районундагы 436 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды

admin

Министрлик картошканын аянтын былтыркыдан көбөйтпөөнү сунуштайт

admin

Комментарий