КР УКМК: Турак жай комплексиндеги коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлдү

КР УКМК мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Бишкек шаарынын Каракөл көчөсүндөгү (Ботаникалык сейил багына жакын аймакта) жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
Тактап айтканда, 1996-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен «Кайнар» ЖАКга Ботаникалык бакты кеңейтүү иштери башталганга чейин өндүрүштүк база үчүн 64 сотых жер тилкеси пайдаланууга берилген.
Андан кийин, 2012-жылы «Кайнар» ЖАКтын жетекчилери тарабынан коррупциялык байланыштар колдонулуп, муниципалдык органдардын кызмат адамдарынын тымызын көмөгү менен жер тилкесине жеке менчик укугу мыйзамсыз катталып, кийин курулуш компаниясына 1 млн 400 миң АКШ долларына сатылган.
Учурда аталган аймакка «О2 Эко комплекс» турак-жай комплекси курулуп жатат.
УКМК жүргүзгөн иштин жыйынтыгы боюнча «Кайнар» ЖАКтын жетекчиси Ш.Т. А. мыйзамсыз сатылган мүлктүн ордун толтуруу эсебине курулуп жаткан турак жай комплексиндеги аянты 373,63 чарчы метр коммерциялык жайды мамлекеттин балансына өткөрүп берди, ошондой эле келтирилген зыяндын калган бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттендирилди.
КР УКМК Бишкек шаарындагы жер тилкелериндеги мыйзамсыз аракеттерди аныктоо боюнча иштерди улантууда.

Related posts

Чүй облусунда аба 14 градуска чейин жылыйт — 4-январга карата аба ырайы

admin

Түркияда айына 2 миң доллар алган чабандар TikTok жок иштебей жатышат

admin

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары жылды

admin

Комментарий