КР УКМК: Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары К.Р.А. жана бөлүм башчысы У.Т.У. кармалды

УКМК Ысык-Көл облусун Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышын текшерүү боюнча өлкө жетекчилигинин тапшырмасын аткаруу үчүн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясын текшерип жатат. Натыйжада, аталган мекемеде акча каражаттарын негизсиз бөлүү жана максатсыз пайдалануу фактылары аныкталып, бул региондогу экономикалык активдүүлүктүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген.
Мисалы, Балыкчы шаарында бетон заводун курууга 5 жылдык мөөнөткө 6 млн сом өлчөмүндө үстөксүз ссуда бөлүнүп, бирок насыя алуучу каражатты максатсыз пайдаланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, негизсиз берилген пайызсыз ссудалардын жалпы көлөмү болжол менен 31,5 миллион сомду түзөт.
2024-жылдын 21-февралында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары К.Р.А. жана бөлүм башчысы У.Т.У. Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын ушундай эле мыйзам бузуу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү иш-чаралары улантылууда.

Related posts

Депутат Ташиев: «Судьялар кыргыз тилин билиши керек жана туугандары соттолгон болбошу керек»

admin

Эртең президенттик балаты өтөт. Ага 650гө жакын бала катышат

admin

УКМКнын Балыкчы шаардык бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду

admin

Комментарий