КР УКМК: Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашкан мурдагы бала бакчанын жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

Жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган мамлекеттик объекттерди жана жер тилкелерин аныктоо жана кайтаруу боюнча иштердин алкагында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашкан бир катар жер участоктору жана инфраструктура объекттери мамлекеттин балансына кайтарылды.
Кара-Көл шаарынын аймагында жайгашкан социалдык багыттагы объекттерге таандык кыймылсыз мүлк: 1,38 га аянттагы «Электр станциялары «ААКнын филиалы — Токтогул ГЭСинин каскады» мурдагы бала бакчанын жер тилкеси, ошондой эле курулмалары менен суу алуучу жай жана ушул убакка чейин «Достук комбинаты» ААКнын балансында турган 2,42 га жер тилкеси мурда жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылгандыгы аныкталган.
УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен социалдык инфраструктура объектилерин жана жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.

Related posts

Илон Масктын компаниясы адамдын мээсине чип орнотту

admin

Кыргызстанда 19 диний окуу жай текшерилип, 3 медресе жабылды

admin

ЖК комитети Акаевдин арызы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун четке какты

admin

Комментарий