Илон Масктын компаниясы адамдын мээсине чип орнотту

Америкалык миллиардер жана ишкер, SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск биринчи адам мээге Neuralink имплантын орнотуу процедурасынан өткөнүн айтты. Бул тууралуу миллиардер X социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

«Операциядан кийин калыбына келип жатат»,— деп жазды ал. Масктын айтымында, аппараттын иштеши боюнча алынган биринчи маалыматтар келечектүү жыйынтыктарды көрсөтүүдө.

Эске салсак, 2023-жылдын сентябрында америкалык бизнесмен Илон Масктын нейротехнологиялык компаниясы Neuralink мээ имплантатын имплантациялоо боюнча клиникалык сыноолорго ыктыярчыларды издей баштаган. Neuralink 2016-жылдан бери иштеп келе жатат, анын максаты шал оорусуна кабылган адамдар кайра кыймылдай алышы үчүн мээ жана жүлүн жаракаттарынын кесепеттерин жоюуга жардам бере турган чипти түзүү.

Related posts

Депутат Түлөбаев: «Зулушев туугандарына да карабай, өлкө үчүн жакшы иштеди»

admin

Генерал-полковник К.Ташиев Нарын шаарындагы «Мундуз Ата» эркин күрөш залынын ачылуу аземине катышты.

admin

Кар жаабайт. Кыргызстанда 2-январга карата күтүлгөн аба ырайы 

admin

Комментарий