КР УКМК: Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын тургуну ипотекалык турак жай берүүгө байланыштуу алдамчылыкка шектелип кармалды

    КР УКМК тарабынан Жалал-Абад шаарында ипотекалык турак жай берүүгө байланыштуу алдамчылыкка шектелип, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын тургуну Б.А.Э. кармалды.

Кармалган жаран өзүн КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиевдин ишенимдүү адамы катары көрсөтүп, анын жеке тапшырмасына таянуу менен, Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан үйлөрдөн батирлерди алуу үчүн мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай программасынын катышуучуларынын тизмесине алдыңкы кезекке киргизүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорун убада кылып, алдоо жолу менен жарандардын акча каражаттарын ээлеп алгандыгы аныкталган.
Учурда аталган Б.А.Э.нин ушул сыяктуу фактыларга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы кармалган адамдын аракеттеринен жабыркаган жарандарды, ошондой эле алдамчылык фактылары тууралуу маалыматтарды: (03722) 5-60-49, 0(556) 06-18-83 телефон номерлери аркылуу билдирүүгө чакырат.
КР УКМК жарандарды сак болуп, алдамчылардын таасирине алдырбоого чакырат жана ипотекалык насыялоо программасына катышуу үчүн арыз берүү процедурасы электрондук түрдө жүргүзүлүп, үчүнчү жарандын ортомчулугун талап кылбасын эскертет. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын тизмелеринин тартибине кийлигишүүгө байланышкан ар кандай аракеттерге тыюу салынат жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Related posts

«Мончого кеткен бойдон дайынсыз». Бишкекте 32 жаштагы Шаршенбек уулу Улукбек изделип жатат 

admin

Камчыбек Ташиев Түркиянын Чалгындоо уюмунун башчысы менен жолугушту

admin

Аялдар октябрь ичинде айрым ооруларга акысыз текшериле алышат

admin

Комментарий