КР УКМКнын 9-кызматынын «Калкан» атайын багыттагы командасы “Sharp Blade-2025″ снайперлеринин эл аралык мелдешине ийгиликтүү катышты

 2025-жылдын 15-июлунан 18-июлуна чейин Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагы Элдик куралдуу полиция күчтөрүнүн машыгуу базасында «Sharp Blade-2025» эл аралык снайпердик мелдеши болуп өттү. Мелдешке 25тен ашуун өлкөдөн 55тен ашуун снайпердик команда катышты.
   Сынак төрт категория  боюнча 12 дисциплинаны камтыды:
  • негизги жогорку тактыктагы снайпердик атуу,
  • типтүү тактикалык кырдаалдарда ок атуу,
  • комплекстүү күжүрмөн атуу,
  • алыскы аралыктан атуу.
    Татаал күрөштүн жыйынтыгында КР УКМКнын 9-кызматына караштуу «Калкан» атайын багыттагы отряды өлкө намысын татыктуу коргоп, жалпы командалык эсепте 3-орунду, жуптук эсепте 2-орунду ээледи. Команданын катышуучуларынын биринин жеке ийгилиги өзгөчө сыймыктанууну жаратат: 9-кызматтын снайпери Кыргыз атайын күчтөрүнүн кесиптик даярдыгынын жогорку деңгээлин тастыктоо менен жеке биринчиликте биринчи орунду ээледи.
    Кыргызстандын командасынын ушундай абройлуу эл аралык мелдештерге катышуусу жана жетишкендиктери Кыргыз Республикасынын эл аралык аренадагы аброюн чыңдоого, күжүрмөн чеберчиликти өнүктүрүүгө жана дос мамлекеттердин атайын күчтөрүнүн өз ара аракеттенүү деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Related posts

«Казакстанды колдоонун 112 сааты» марафону өтөт

admin

Бишкекте балдардын арасында дем алуу органдарынын патологиясы көбөйүүдө 

admin

Гүлбү Ороскул кызы көзү тирүү болгондо бүгүн 47 жашка чыкмак

admin

Комментарий