КР УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 2024-жылдын 28-ноябрында КР УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
Аталган иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, атайын кызматтын ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.
УКМКнын жаңы имараты Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрү үчүн курулуп, анда аскер кызматкерлеринин жемиштүү иштеши үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн жана керектүү жабдуулар орнотулган.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын кызматкерлерин куттуктап, өлкө жетекчилиги тарабынан мындан ары дагы материалдык-техникалык базаны жакшыртуу аракети көрүлөрүн белгиледи.
Аны менен катар улуттук коопсуздук органдары мындан ары да өлкө кызыкчылыгы үчүн жан дили менен жана мекенди сүйүү менен кызмат кылып, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички саясий курсун сапаттуу ишке ашырууну камсыздай турганын кошумчалады.
Ошондой эле УКМК жетекчилиги тарабынан коопсуздук кызматкерлерине, мекенге кызмат кылууда өз ишине так болуп, коопсуздукту камсыз кылууда болгон күч аракетин жумшоо талабы коюлду.

Related posts

20-26-октябрга чейин күн жылуу болот

admin

Акылбек Жапаров Токтогул ГЭСине барды 

admin

Алтынбек Эргешов: “Жетим-Тоо» — бул элдин байлыгы. Аны иштетүү боюнча эч кандай сөз жок”

admin

Комментарий