Кубат Абдраимов Кумтөр кен жайындагы калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоорун ишке ашырууга старт берди

Кумтөр кен жайындагы долбоорлордун ишке ашырылышын жана өндүрүш процесстерин инспекциялоонун алкагында, «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы
Кубат Абдраимов компаниянын өндүрүштүк көрсөткүчтөрүн жогорулатуу үчүн маанилүүболгон калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоорун ишке ашырууга старт берди.

Кубат Абдраимов Кумтөр кен жайындагы калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоору — бул өлкөбүздө алгачкы ирет ишке ашырылып жаткан өтө татаал жана технологиялык жактан оор процесс экенин белгиледи.
«Долбоорду иштеп чыгууда бул тармактагы дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу керек. Калдыктардыкайра иштетүү комплексинин курулушу бул долбоордун эң маанилүү компоненти болмокчу. Муну ишке ашырууда өтө кылдат мамиле кылууну, коопсуздукту жана аймактагы экологиялык тең салмактуулукту так сактоо зарыл», – деди «Кыргызалтындын» башчысы.

Related posts

Жаан жаайт. 10-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Окуучулардын күзгү каникулу 6-ноябрда башталат

admin

Бишкекте 6 окуучу милицияга жеткирилди

admin

Комментарий