Кулак-мурду кескиленген келин өзүн күзгүдөн көргөнүн айтты

Кулак-мурду кескиленген келин өзүн күзгүдөн көргөнүн айтты. Ал социалдык тармактагы баракчасына өзүн кабыл алуу учурунда экенин айтты.

«Мен азыр өзүмдү кабыл алуу учурундамын. Бул учурду кантип кабыл алса болот билбейм, оор болуп жатат. Жашоом окуяга чейин жана кийин болуп бөлүндү. Өткөнгө ыраазчылык билдирем, бактылуу мүнөттөр өттү. Бирок өткөндө калгым келбейт, алдыга умтулуу керек. Мен балдарымдын келечегин ойлонушум керек. Балдарым мага дем-күч, үмүт жана сүйүү беришет. Аларга байланып калгам. Балким бул менин катам, себеби балдар деп жүрүп, аз уктап, дем алышсыз иштедим. Балдарымсыз өзүмдү көрө албайм. 

Мен келечекте эки билимдүү балдардын апасы болгум келет. Операция келбетимди кайтарып берет деген үмүттөмүн. Мен өзүмдүн бетимди күзгүдөн көрдүм. Бул түн эң коркунучтуу болду. Кайра көргүм келбейт. Балдарыңарды урбагыла, өзгөчө кичинекейлерди. Алар биздин күзгүбүз», — деп жазды ал.

Related posts

АКШда адамдын ичегисинен тирүү чымын табылды (сүрөт)

admin

Жапаров менен Ташиев Исхак Раззаковдун кызы менен жолугуп, батир белек кылды (сүрөт)

admin

Президент куран окуу боюнча сынактын жеңүүчүсү Мухамадали Умаров менен жолукту

admin

Комментарий