Курманкул Зулушев Көк бөрү ассоциациясынын президенти болуп шайланды

Бүгүн көк бөрү федерациясынын кезексиз жыйыны өттү. Анда Рамис Жунусалиев кызматынан кетип, ордуна Эл аралык көк Көк бөрү ассоциациясынын президенти Курманкул Зулушев шайланды. Бул тууралуу федерациядан

Аламан улак, жер улак Көк бөрү федерациясынын алдына лига болуп кирип, жетекчилери шайланды. Рамис Жунусалиев вице-президент болуп шайланды.

17-октябрда федерациянын конференциясы Бишкекте өтүп, катышуучулар жетекчисин алмаштырышкан. Мурдагы президент Талас Бегалиев өткөн жылдын март айында дайындалган болчу. Ал жыйында эки жылдык ишинин отчётун берип, өз каалоосу менен кызматынан кетерин билдирген. Талас Бегалиевди ак боз ат мингизип, сыйлоо жөрөлгөсү менен узатышкан. Анын ордуна ошол кезде вице-президент болуп иштеп жаткан Рамис Жунусалиев жетекчи болуп шайланган.

Related posts

Мигранттарды Европага мыйзамсыз ташуу менен алектенген чет элдик жаран кармалды

admin

Эсептөө палатасы Маммүлк фондунда дээрлик 1 млрд сомдук финансылык бузууну аныктады

admin

Кыргыз Эл артисти Зинаида Петренко акыркы сапарга узатылды

admin

Комментарий