Курулуш компаниялар кошумча текшерүүлөрдү киргизүүгө каршылыгын билдиришти

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков Кыргыз Республикасынын куруучулар союзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев баштаган бир катар курулуш компаниялардын жетекчилерин кабыл алды.

Жолугушууда куруучулар Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу өз пикирлерин билдиришти. Аскарбек Молдобаевдин айтымында, көп кабаттуу үйлөрдү, имараттарды курууда курулушчулар бардык мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын уруксатын алышат. “Биз бардык жагдайларды эске алуу менен кылдат карап чыгып, анан үйлөрдү курабыз. Буга байланыштуу кандайдыр бир кошумча текшерүүлөрдү киргизүү туура эмес деп эсептейбиз”, — деди.

Иш-чарага «Авангард стиль» курулуш компаниясынын директору Эрнис Минкеев да катышты. Ал УКМК тарабынан кармалып, соттун чечими менен эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.

Related posts

Ташиев: “Конституция боюнча Садыр Жапаров дагы бир мөөнөткө шайлана алат”

admin

Садыр Жапаров иш сапары менен Брюсселге барды

admin

Төрага Нурланбек Шакиев ЖККУ ПАнын жыйынына катышты

admin

Комментарий