Куудул Тынар Курбаналиев сахнадагы тамаша үчүн кечирим сурады

Куудул Тынар Курбаналиев сахнада айткан сөздөрү үчүн кечирим сурады. Ал видео кайрылуу жасап, адашпас жаак, мүдүрүлбөс туяк болборун айтты. Анын айтымында, сценарийи Борончу Кудайбергеновго таандык.

Тамашанын видеосу чыккан соң, ал катуу талкууга алынды. «Концертте аяттарды шылдыңдады» деген коомчулук динге тийишпей эле коюшса болмок экенин жазышты.

«Урматтуу бир туугандар, жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт дейт. Ката кетирген болсок, баарыңыздардан башты ийип кечирим сурайбыз. Кудайым баарыбызды адашуудан сактасын», — деди ал.

Related posts

Милиция улакчынын өлүмү боюнча териштирүү ишин баштады

admin

29-августта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Мирбек Атабеков Мээрим Төлөпбергенге үй алып берди

admin

Комментарий