Кыргыз-казак чек арасында жер титирөө болду

Бүгүн, 4-мартта саат 12:25де Кыргызстандын аймагында жер титирөө сезилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 5,4 магнитудадагы жер титирөө казак-кыргыз мамлекеттик чек арасында катталган. Жер титирөөнүн күчү Казакстан, Кытай жана Кыргызстандын аймагында сезилди.

Казакстандын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө жергиликтүү убакыт менен саат 11:22де катталган. Анын очогу Алматы шаарынан түштүккө 31 км аралыкта жайгашкан. Алматы шаарында жер титирөөнүн күчү 5 баллга сезилди.

Related posts

Ташиев Таласта УКМК кызматкерлерине салынган спорттук имараты менен таанышты

admin

Криштиану Роналду карьерасын качан жыйынтыктары айтылды

admin

Милиция улакчынын өлүмү боюнча териштирүү ишин баштады

admin

Комментарий