Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 6 баллга жер титирөө катталды

Бүгүн, 17-октябрда саат 04:23тө кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында болгон. Бедел айылынан 40 чакырым түштүк-чыгышта, Кумтөр кенинен 80 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол, Кажы-Сай айылынан 153 чакырым түштүк-чыгышта.

Кыргызстандын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү: Бедел, Ыштык, Кара-Сай айылдарында 4 балл, Кумтөр кенинде 3 баллга жакын сезилген. 

Related posts

Ноокенде наристе кызды сабап, видеого тарткан ата кармалды

admin

Кубанычтуу кабар! Кичинекей Аруузатка көптөн күткөн Золгенсма уколу жасалды

admin

Бишкектин четинде кулаган тик учакта экипаждын командири каза болду

admin

Комментарий