Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде бүгүн, 24-октябрда саат 04:49да очогунда күчү 4 баллга жакын жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөнүн очогу Бедел айылынан 26 чакырым түштүк-чыгышты карай, Кумтөр кенинен 80 чакырым түштүк-чыгышты карай жана Каракол шаарынан 132 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан. Бедел айылында жер титирөөнүн күчү 2 баллга жеткен.

Related posts

Түркияда массалык жол кырсык болуп 10 адам каза болду. Буга туман себеп болушу мүмкүн

admin

Бишкекте таштанды челектен табылган ымыркай. Милиция маалымат берди

admin

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда калып калган унаалар менен алмашышты

admin

Комментарий