Кыргыз-тажик чек арасы: Өкмөттүк топтордун Бишкекте жолугушуусу өтүп жатат

Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчу тобу мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын мыйзамдуу түрдө каттоо үчүн Бишкекте иштеп жатканы тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Баткен шаарында маалымдады.

Ташиевдин айтымында, 4-декабрда кыргыз-тажик чек арасы боюнча делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аякташкан. Учурда жумушчу топ чек араны делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо иштерин жүргүзүп жатат.

Камчыбек Ташиев белгилегендей, 2025-жылдын январь айынын аяк ченине чейин тиешелүү жумуштар аяктаса, ал Жогорку Кеңешке ратификациялоого киргизилип, андан кийин президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт. Ташиев март айында процесстин толугу менен аяктай турганын үмүттөнөөрүн айтты.

2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу жерлердин айынан кандуу кагылышуулар болгон. Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. Талаштар суу, жер, жол жана жайыт маселелерине байланыштуу көптөгөн чыр-чатактарды жараткан.

Related posts

КР УКМК: Жалал-Абад облусунда мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча кеңешме өткөрүлдү

admin

Жүк ташуучу унаанын №169 кичи автобусту сүзүшү. 4 жаран жандандыруу бөлүмүнө түшүп, 1 адам каза болду 

admin

«Диверсия эмес, шалаакылык». Депутат ЖЭБдеги жарылууга саясий баа берилиши керектигин айтты

admin

Комментарий