Кыргыз-тажик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашылды

30-январдан 5-февралга чейин топографиялык жумушчу топторунун жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу  Баткен шаарында болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашышты. Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүүнүн маанайында өттү.

Related posts

Кыргызстандын баардык аймактарында чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу жүргүзүлүүдө

admin

Бешинчи жолу ата-энесин издеттирген Айжамал табылып, жоругунун себебин айтты

admin

ӨКМ дагы бир тик учак сатып алууну пландап жатат

admin

Комментарий