Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 1,11 чакырымы макулдашылды

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 11-февралынан 18-февралына чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чечиле элек аймактарда биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 1,11 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча ишти улантат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

Related posts

24-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кыргызстан 10 миң электромобилди алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду 

admin

Трамп АКШнын аймагын Канада менен Мексиканын эсебинен кеңейтүүнү «ойлонууда»

admin

Комментарий