Кыргызиндустрия»   «Илим» жана «Билим»   аталышындагы ноутбуктарды жана планшеттерди  кураштырат

«Кыргызиндустрия» Ачык акционердик коомунун  туунду ишканасы «Кыргызэлектроника» ЖЧКсы «Билим» жана «Илим» бренддери алдында  ноутбуктарды, планшеттерди, хромбуктарды кураштыруу процессин баштоону көздөп жатат. Бул тууралуу  ишкананын директору Илья Черный журналисттерге билдирди.

  «Биз Acer, Lenovo жана башка көптөгөн дүйнөлүк бренддердин   буюртмасы боюнча  ноутбуктар, планшеттер, компьютерлер  үчүн шаймандарды чыгарган кытайлык белгилүү Clovertek Industries компаниясынан электрондук компьютерлердин  жабдууларынын  сыноо үлгүлөрүн алдык. Биринчи этапта тесттик режимде чогултуп жатабыз. Учурда анын  өздүк наркы кандай болот, ага канча инвестиция салынышы керек ж.б. ушул сыяктуу маселелердин үстүндө иштеп жатабыз.

Биздин негизги максат- кыргызстандыктардын, анын ичинде окуучулардын жана студенттердин жогорку сапаттагы ноутбуктарды, хромбуктарды жана планшеттерди жеткиликтүү  баада сатып алуусуна шарт түзүү», — деп белгиледи ал.

Маалым болгондой, «Кыргызэлектроника» ишканасы учурда ТВ приставкаларды, Wi-Fi роутерлерди, Pantum аталышындагы  принтерлерди, байланыш операторлору үчүн роутерлерди чыгарат. Ошондой эле учурда:  санариптик өзүн-өзү тейлөөчү күркөлөрдү жана башка санариптик чекене жабдууларды, коомдук транспортто колдонулуучу электрондук билеттердин валидаторлорун, ошондой эле кассалык аппараттарды чыгарууда.
Белгилей кетүүчү  нерсе ушул тапта, «Кыргызэлектроника» ЖЧКсы  Салык кызматына өткөрүп берүү үчүн 32  миң ККМ  аппараттарын чогултуунун үстүндө иштеп жатат.

Related posts

Кыргызстанда сасык тумоо өсүүп жатат. Мектептер карантинге жабылышы мүмкүн

admin

Майда бензин 1,5-2 сомго кымбатташы болжолдонууда 

admin

Ысык-Көлдө 20 жаштагы жигит интернет аркылуу баңгизат сатууга шектелип кармалды

admin

Комментарий